Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пенсия алуучулардын жалпы саны 28,5 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат кабминдин 4 айдагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде айтылды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 807 миң 800 адамды түздү.
Белгиленгендей, 2025-жылдын январь-апрель айларында пенсияларды төлөөгө 34,4 млрд сом каражат багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо 5,6 млрд сомго көбөйдү.