Алтын куполго 175 миллиард доллар бөлүнгөнү жатат

Алтын куполго 175 миллиард доллар бөлүнгөнү жатат

АКШнын администрациясы «Алтын купол» же Golden Dome аттуу абадан коргонуу системасына (ПРО) жалпысынан 175 миллиард доллар бөлүүнү пландап жатат.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп Ак сарайда Пентагондун башчысы Пит Хегсет менен сүйлөшүп жатып, жаңы ракетадан коргонуу системасын түзүүгө каражат бөлүүнү жарыя кылган.
«Система толугу менен бүткөндө анын жалпы наркы 175 миллиард доллар болот.
Golden Dome долбоору биздин учурдагы аскердик мүмкүнчүлүктөр менен интеграцияланып, менин президенттик мөөнөтүмдүн аягына чейин толук пайдаланууга берилүүгө тийиш»,-деди АКШнын президенти.