Садыр Жапаров Венгрияда ТМУ бейформал саммитине катышат

Садыр Жапаров Венгрияда ТМУ бейформал саммитине катышат

Уюмдун байкоочу өлкөсү – Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.   

 Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентитин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.