Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин директору кызматынан бошотулду

Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин директору кызматынан бошотулду

 Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Бул чечимди бүгүн министрлер кабинетинин Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Азат Бакаев мекеменин жамаатына тааныштырды.