Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон телефон сүйлөшүүсүнөн кийин журналисттерге чыгып комментарий берди.
Путиндин айтымында, Трамп менен болгон сүйлөшүү 2 сааттан ашык созулган. Ал бул маекти мазмундуу, ачык жана абдан пайдалуу деп мүнөздөдү.
Ошондой эле Россиянын лидери Трампка Россия менен Украина ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү жандандырууга АКШнын кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча өз позициясын билдиргенин айткан Путин Россия согуш аракеттерин токтотууну жактайт. Бирок тынчтыкка жетүүнүн эң натыйжалуу жолдорун табуу керек.
Путин Россия Украинанын катышуусу менен ок атышууну токтотууну да камтыган меморандум боюнча иштөөгө даяр экенин билдирди. Тараптар баарына ылайыктуу болгон компромистик чечимдерди табышы керек.
“Биз, жалпы алганда, туура жолдобуз”,-деди Россиянын президенти Украина менен сүйлөшүүлөрдүн жанданышы тууралуу.
