Мамлекеттик кызматкерлерге  деликатес жегенге, спирт ичимдиктерине, тамеки чегүүгө тыюу салынды

Мамлекеттик кызматкерлерге  деликатес жегенге, спирт ичимдиктерине, тамеки чегүүгө тыюу салынды

Кытайда мамлекеттик кызматкерлерге деликатестерди, алкоголду жана тамекини жумуш учурунда колдонууга тыюу салынды
Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети менен Мамлекеттик кеңеши тарабынан бекитилген үнөмдүүлүк жана ысырапкордукка каршы күрөш боюнча токтомдо мамлекеттик жана партиялык кызматкерлерге жумуштагы түшкү тамак учурунда деликатестерди, тамекини жана алкоголдук ичимдиктерди колдонууга тыюу салынды.
Документ 63 беренеден турат жана расмий стандарттардын так сакталышын,  каражаттарды пайдаланууга көзөмөл механизмин киргизүүнү карайт.
20-беренеде кызматкерлерге белгиленген чектен ашкан «кымбат көңүл ачууларга жана белектерге тыюу салынат. Ошондой эле чет өлкөдө кумар оюндарга катышууга да болбойт. Документте «Чет өлкөгө чыккан учурда мамлекеттик каражаттарды мекемелер же мамлекеттик ишканалар ортосунда белек алмашуу жана  көңүл ачууга колдонууга болбойт»,-деп айтылат.
Ички эмгектик сапар учурунда кызматкерлерди аэропорттордон же темир жол бекеттеринен салтанаттуу тосуп алууга  да тыюу салынат.
«Синьхуа» агенттиги белгилегендей, документ кызматкерлерди «тактыкка жана үнөмдүүлүккө» чакырат. Анткени ысырапкордук уят иш.