Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиададан 6 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиададан 6 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу Ачык эл аралык олимпиадада командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Олимпиада быйыл биринчи жолу Россиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында өттү.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу мектеп окуучулары катышты.

Окуучулар үч баскычта күч сынашты: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар. Кыргызстандын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты.

Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.

Жекече жыйынтыктар:

Дмитрий Рубан, “Сейтек-STEM” билим берүү комплекси – алтын медаль

Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль

Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль

Русланбеков Улукбек Арстанбекович, “Сейтек-STEM” билим берүү комплекси – күмүш медаль

Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль

Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль.

Команданы даярдаган машыктыруучулар курамы:

Башкы машыктыруучу – Эльбрус Тажибаев

Башкы машыктыруучунун орун басары – Оксана Алексеевна Шубина

Олимпиадага даярдоо ишин жүргүзгөн – Olympiad League Academy командасы

Агартуу министрлиги окуучуларды жана мугалимдерди эл аралык деңгээлде жогорку жыйынтыктары менен куттуктайт.