Кыргызстанда быйыл 5 миң 615 батирдин курулушу аяктайт

Кыргызстанда быйыл 5 миң 615 батирдин курулушу аяктайт

2025-жылга карата республика боюнча 5 миң 615 батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде айтылды.

Анын ичинде Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи.

— Бишкек шаарында — 2 913 батир;

— Жалал-Абад облусунда — 1 530 батир;

— Нарын облусунда — 433 батир;

— Талас облусунда — 319 батир;

— Ысык-Көл облусунда — 420 батир.

Кенешмеде айтылгандай, азыркы учурда 50 миңден ашуун жаран кезекке туруп, турак жай алууну күтүп жатат. Ошондой эле 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен турак жай курулушун каржылоо үчүн 40 млрд сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, азыркы тапта өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.