ИИМде бир катар кадрлар дайындалды

ИИМде бир катар кадрлар дайындалды

Милициянын подполковниги Айбек Жумагулов ЖККББ (жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын) начальнигинин орун басары кызматына дайындалды. Ал мурда Ысык-Көл облусунда ЖККББнын начальниги эле. Мындай чечим кечээ, 19-майда ИИМде өткөн коллегия учурунда кабыл алынды.

Ошондой эле полковник Манас Сыдыгалиев Бишкек шаарынын күзөт кызматын башкармак болду. Ал мурда ЖККББнын начальнигинин орун басары болуп иштеген.

Ал эми полковник Урмат Байтокоев ЖККББнын финансы жана чарба башкы башкармалыгынын жетекчиси болду.

Полковник Авазбек Досоев болсо, Ысык-Көл облусунун ЖККББнын начальниги болуп дайындалды.

Полковник Раимбек Тешебаевге ЖККББнын Чүй аймагы боюнча начальниктин орун басары кызматы жүктөлдү.