Башкы прокуратура Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштин бетин ачты. Анда 2024-жылы аталган айыл өкмөттө иштебен жарандар аныкталып, эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык берилгени белгилүү болгон. Мамлекеттин казынасына келтирилген чыгым 845.140 сомду түзгөн.
Эми жооптуу адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен жооп беришет.
