ДССУ өлкөлөрү пандемияларга каршы күрөшүү боюнча келишимди кабыл алды

ДССУ өлкөлөрү пандемияларга каршы күрөшүү боюнча келишимди кабыл алды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүк добушу менен 19-27-май күндөрү Женевада өтүп жаткан Саламаттыкты сактоо боюнча Дүйнөлүк ассамблеянын 78-сессиясында пандемияларга каршы күрөшүү тууралуу келишим кабыл алынды.
Уюмдун расмий сайтындагы добуш берүүнүн жүрүшүнө ылайык, жыйынга катышкан 124 өлкө келишимди колдоду. Каршылар жок. Израил, Иран, Италия, Польша, Россия жана Словакия сыяктуу 11 өлкө добуш берүүдөн карманган. Келишимдин кабыл алынышы үчүн 83 добуштук көпчүлүк талап кылынган.
Келишим долбоору расмий түрдө 20-майда Саламаттыкты сактоо боюнча Дүйнөлүк ассамблеянын пленардык жыйынында кабыл алынат.
Пандемияларга каршы күрөшүү боюнча келишимдин максаты — болочок пандемиялык коркунучтарга даярдык көрүү, алдын алуу жана жооп кайтаруу жаатында глобалдык кызматташтыкты бекемдөө.
Саламаттыкты сактоо боюнча Дүйнөлүк ассамблея — ДССУнун негизги башкаруучу органы болуп эсептелет. Уюмга 194 мамлекет мүчө. Ар жылы, май айында мүчө өлкөлөрдөн делегаттар уюмдун артыкчылыктарын жана саясатын макулдашуу үчүн чогулушат.