Ажылык -2025: Эртең ажылык сапарга алгачкы тобу учуп кетет

Ажылык -2025: Эртең ажылык сапарга алгачкы тобу учуп кетет

Зыяратчылардын алгачкы тобу эртең, 21-майда Ош-Медина багыты аркылуу учуп кетишмечи. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Медина багыты боюнча алгачкы рейс 20-майдан 21-майга оогон күнү аткарылмакчы.

Зыяратчыларды узатууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, УРШ жетекчиси жана Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулмакчы.

Айта кетсек, САП быйылкы жылы да Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажыларды 139 ажы башчы жетектеп барышы күтүлүүдө.