IFFHS версиясы боюнча футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу аталды

IFFHS версиясы боюнча футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу аталды

Аргентинанын жана “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы (IFFHS) тарабынан футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу деп табылды.

IFFHS версиясы боюнча тарыхтагы эң мыкты 10 футболчу:

Лионель Месси (Аргентина).

Пеле (Бразилия).

Марадона (Аргентина).

Криштиану Роналду (Португалия).

Йохан Кройфф (Нидерланды).

Роналду (Бразилия).

Зинедин Зидан (Франция).

Франц Беккенбауэр (Германия).

Альфредо Ди Стефано (Аргентина/Испания).

Роналдиньо (Бразилия).

Эске салсак, карьерасында Месси сегиз жолу “Алтын топту” жана төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңген. 2022-жылы чабуулчу Аргентина курама командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон. Роналду “Алтын топту” беш жолу алган. 2016-жылы Португалия менен Европа чемпиондугун жеңген.