Эртең, 20-майда Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +2…+7; күндүз +18…+23.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз +26…+28 градус ысыйт.