Ватиканда жаңы Рим папасынын расмий түрдө кызматка кирүү аземи өттү. Папа Лев XIV папалык бийликтин символдору — “балыкчынын шакегин” жана паллий лентасын алды.
Бул байыркы жөрөлгө 267-Рим папасынын понтификатынын расмий башталышын билдирет. Азем Ватикандагы Ыйык Пётр аянтында өттү. Ватикан берген маалыматка караганда, иш-чарага 156 өлкөдөн жана эл аралык уюмдардан делегациялар, анын ичинде 30га жакын мамлекет башчылары катышты.
