“Манас” эл аралык аэропортунун үч тамгадан FRU коду 9-августтан тарта жаңы BSZ кодуна алмашат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салган 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.
“IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат”, – деп айтылат маалыматта.
9-августка чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.