Франциянын президенти Эмманюэль Макрон Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин X социалдык тармагында Россиянын президенти Владимир Путин тынчтыкка жетүүгө болгон каалоосун көрсөтүшү керектигин жазды.
«Мен Дональд Трамп, Кир Стармер, Фридрих Мерц жана Жорджа Мелони менен сүйлөштүм. Президент Путин Трамп сунуштаган жана Украина менен Европа колдогон 30 күндүк ок атууну токтотуу келишимин кабыл алуу аркылуу тынчтыкты каалаганын көрсөтүшү керек»,-деп жазды Макрон.
