Күч  жана достуктун символдору: Азербайжанда III КМШ оюндарынын тумары тандалды

Күч  жана достуктун символдору: Азербайжанда III КМШ оюндарынын тумары тандалды

Азербайжанда III КМШ оюндарынын тумары тандалды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, мелдештин уюштуруу комитети Азербайжанда өтө турган турнирдин тумары деп Кавказ кабыландары Бабир менен Лейланы тандады.

III КМШ оюндары Азербайжандын жети шаарында – Гянжа, Евлах, Мингячевир, Габала, Шеки, Гёйгёл жана Ханкендиде 28-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.

Турнирде КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин спортчулары спорттун 23 түрү боюнча мелдешмекчи.