Түркиядагы кыргыздар Изник шаарындагы Кыргыз жоокерлерин эскерүү үчүн чогулушту. Мындай иш- чараны Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги уюштурган.
Элчи Руслан Казакбаевдин айтымында, ар жыл сайын май айында Түркиядагы кыргыздар Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүндө жолугушуп, курбандык чалышат жана шейит аскерлерге Куран түшүрүшөт. Дасторкон жайылып, Манас айтылат. Бул сапар да, ошондой иш чаралар жогорку деңгээлде болуп өттү.
Эскерте кетсек, Осмон империясынын экинчи падышасы Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин салымы өтө чоң болгон. Шаар толук алынгандан кийин ал атайын Кыргыздар үчүн күмбөз салдырганы айтылат.