Аргентинанын президенти Хавьер Милей аргентиналык C5N телеканалынын журналисти атайын микрофон менен уруп жибергенин билдирди.
Окуя тууралуу аргентиналык маалымат каражаттары кабарлашууда.
Алардын маалыматына караганда, C5N телеканалынын кабарчысы президент шайлоо участкасынан чыгып баратканда анын бетине микрофонун тийгизип жиберген. Милей журналист муну атайын кылды деп эсептейт.
“Сен мени атайын урдуң, бул микрофон мага тийди”,-деген президент.
Социалдык тармактарга тараган видеодо президент шайлоо участогунан чыгып келе жатканда журналисттер аны курчап алышканы көрүнөт. Ошол учурда топ ичиндеги бир кабарчынын кызыл микрофону Милейдин мурдуна тийип кеткени, президент артка чегингени көрүнөт.
Жекшембиде Буэнос-Айрес шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өттү. Милейдин “La Libertad Avanza” (“Эркиндик алга”) партиясы азыркы учурда төмөнкү палатанын 15 пайызын, сенаттын 10 пайызын ээлейт.
Хавьер Милей Аргентинанын президенти болуп 2023-жылдын ноябрь айында шайланган. Ал келгенден кийин мамлекеттик ЖМКларды сатуу демилгесин көтөргөн. Көп өтпөй аргентиналык сот президенттин реформаларын токтотуп койгон.
