Кыргызстандын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартты.
Ал 2019-жылы аталган кылмыш иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 2-статыясынын 43-бөлүгү менен 15 жылга соттолуп, өзгөчө кырдаалдар боюнча элчи дипломатиялык рангынан жана II даражадагы Манас орденинен ажыратылган эле.
Ал алгач, 2018-жылы камакка алынып, 2019-жылы Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга соттолгон. 2020-жылдын 6-октябрындагы баш аламан учурунда камактан чыгып, изин жашырып кеткен.