Бүгүн Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

Бүгүн Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин  көчмө жыйыны өтөт.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, ошондой эле Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин жетекчилери катышат.

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.