УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын Чокмор айылында жакында эле курулуп, ишке берилген Алийма Ташиева атындагы төрөт үйүндө дүнүйөгө келген алгачкы он наристе үчүн атайын белектерди даярдаган. Мындай маалыматты УТРКга маек берүү учурунда өзү билдирди.
“Мурда кыз-келиндерибиз төрөт учурунда аябай кыйналышчу. Айрымдары башка жактарга барып, төрөп келишчү. Апам 11 баланы төрөгөн баатыр эне катары мага дайыма “төрөт үй салып берсең” деп айта берээр эле. Апамын өтүнүчүн жыйырма жылдан кийин аткардым”,- деген УКМК төрагасы. Ошондой эле ал кыз-келиндерди көп-көп төрөөгө үгүттөп, “биз көбөйүп, 10 миллионго жетишибиз керек. Мен өзүмүн келиндеримди дагы айтам, төрөгүлө, азыр төрөбөсөңөр качан төрөйсүңөр деп. Бул төрөт үйүндөгү алгачкы төрөлгөн 10 ымыркай үчүн атайын белектерди даярдаганбыз”,- деген ал.
Кечээ, Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунда төрөлгөн 11 наристеге 100 миң сом жана төрөттөн кийин керектелүүчү каражаттар берилди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аманатын депутат Айбек Маткеримов төрөт үйүнүн жамааттары менен биргеликте тапшырды.
Жаңы төрөт үйүндө көз жарган онунчу келин эгиз кыздуу болгон. Таш-Көмүр шаарынан келген Бермет Асанбекова наристелеринин ысымын Айыма жана Элима деп атады. Анын эки наристесине дагы генералдын атынан 200 миң сом сүйүнчү берилди.