Forbes 2025-жылдын эң көп киреше тапкан спортчуларын атады

Forbes 2025-жылдын эң көп киреше тапкан спортчуларын атады

Дүйнөдөгү эң таасирдүү каржылык басылмалардын бири болгон Forbes 2025-жылдын эң көп киреше алган спортчуларынын рейтингин жарыялады.

Маалыматка ылайык, жылдын эң көп киреше алган спортчусу деп Саудиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду таанылды.

Жыл ичинде португалиялык жылдыз жалпысынан 275 миллион доллар киреше таап, бул жагынан бардык атаандаштарынан ашып өттү. Роналду бул сумманы негизинен клубдун айлык акысынан жана коммерциялык келишимдерден тапкан.

Эң көп маяна алган  5 спортчу (2025)

– Криштиану Роналду (футбол) – 275 миллион доллар

– Стивен Карри (баскетбол) – 156 миллион доллар

– Тайсон Фьюри (бокс) – 146 миллион доллар

– Дак Прескотт (америкалык футбол) – 137 миллион доллар

– Лионель Месси (футбол) – 135 миллион доллар