Мединский: Россия менен Украина ок атышууну кантип токтотууну талкуулоону макулдашты

Мединский: Россия менен Украина ок атышууну кантип токтотууну талкуулоону макулдашты

Россия менен Украина Стамбулда  өткөн сүйлөшүүлөрдө ар бир тарап ок атышууну токтотуу боюнча өзүнүн мүмкүн болгон көз карашын сунуштап, аны деталдуу түрдө жазып чыгууну макулдашты. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Россиянын президентинин жардамчысы,  делегациянын башчысы Владимир Мединский журналисттерге билдирди.
«Биз ар бир тарап ок атышууну токтотуунун мүмкүн болгон келечеги тууралуу өз көз карашын сунуштап, аны деталдуу түрдө жазып чыгат деп макулдаштык. Бул көз караштар сунушталгандан кийин сүйлөшүүлөрдү улантуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз — бул да макулдашылды»,-деди Россия президентинин жардамчысы.
Мединскийдин айтымында, Россия сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына  канааттанды жана байланыштарды улантууга даяр.
Москва менен Киевдин түз сүйлөшүүлөрү эки саатка жетпеген убакытка созулуп, жабык форматта өттү. Жолугушуудан мурда тараптар бири-бири менен кол алышкан жок. Ачылыш сөзүн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан  сүйлөдү.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын Владимир Мединский жетектесе, украин тараптан коргоо министри Рустем Умеров башчы болду.