Бүгүн, 17-майда “Ала-Арча” жаратылыш паркынын “Кыргыз Айылы” аймагында балдар жана чоңдор үчүн шаңдуу үй-бүлөлүк майрам өтөт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 14:00дө башталат.
Программасы:
– сүйүктүү каармандар катышкан цирктин шоу-программасы: Жираф Мелман, Слон Дамбо, Тотубек Абу, мимдер, клоундар жана артисттер – күлкү, кубаныч жана эстен кеткис сезимдер тартуулашат;
– Экзотикалык жаныбарлар шоусу: чыныгы жыландар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен сүрөткө түшүп, кармап көрүүгө болот;
– балдар үчүн анимация: кызыктуу оюндар, конкурстар, аквагрим жана аба шарлары;
– ыр-бий жана интерактив: сахнада белгилүү аткаруучулардын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Урмат менен Неля, Иса Өмүркулов, Сагын Эргешов, Калыс Жакыпов, Айгерим Эшим менен Элзар Тиленбаев жана башкалар бул күндүн шаңына шаң кошот.
Иш-чаранын алкагында балдарга акысыз балмуздак таратылып, шоу программа менен коштолот.