Бивол менен Бетербиев үчүнчү беттешүүгө кол коюшту: датасы жарыяланды

Бивол менен Бетербиев үчүнчү беттешүүгө кол коюшту: датасы жарыяланды

Жеңил салмактагы мушкерлер  Дмитрий Бивол (24-1, 12 КО) менен  Артур Бетербиев (21-1, 20 КО)  үчүнчү беттештин келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы  жазууда.

Мушкер Дмитрий Биволдун машыктыруучусу Дмитрий Кирилловдун айтымында, тараптар алдын ала келишимге кол коюшту.  Беттеш  ушул жылдын октябрь айына белгиленди. Бирок Биволдун өкүлдөрү күрөштү бир аз кечиктирүүнү суранып, андан соң ал ноябрга жылдырылды.

Белгилей кетсек, Бивол менен Бетербиев эки ирет беттеш өткөргөн. Биринчисинде, 2024-жылдын 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Артур Бетербиев жеңишке жеткен.

22-февралдан 23-февралга караган түнү кайра эле Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында спортчулар реваншта кезигип, анда Дмитрий Бивол уткан.

Натыйжада Дмитрий Бивол бокс боюнча жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.