Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалоо иштерин дале улантып жатышат. Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 1 айлык убакыттан бери 3 миң гектардан ашык аймактан 2672 тонна таштанды жана 2700 метр тор чыгарылган.
“Балыктардын урук чачып жаткан убагына карабай браконьерлер чабуулун токтотпой келишет. Андыктан, ӨКМ суучулдары көлүбүзгө аяр мамиле кылып, таза сактоого чакырат”,- деп айтылат маалыматта.