УКМК мурда мыйзамсыз берилген муниципалдык жерлерди жеке менчикке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатуу фактысын аныктады.
2012-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Таал айыл өкмөтүнүн (мурунку Бешкент) айрым кызмат адамдары «Полевой стан» айыл чарба кооперативин жоюунун жана жер тилкесин трансформациялоонун жол-жоболорун бузуу менен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын «Арка» тилкесинде жайгашкан 30 сотых жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын С.М.И. аттуу жаранына сатып жибергени такталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
КР УКМК мыйзамсыз өткөрүлүп берилген жана менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.