АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу — Украина маселесин жөнгө салуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү экенин билдирди. Бирок анын айтымында, жолугушуунун күнү менен жери азырынча аныктала элек.
«Азырынча күн жана убакыт тууралуу маалыматым жок. Бирок бул чындап эле жалгыз мүмкүнчүлүк. Менимче, көптөгөн өлкөлөр жеке тартипте бул баамдоого кошулар эле»,-деди мырза Рубио.
Буга чейин Дональд Трамп эгер Владимир Путин сүйлөшүүлөргө катыша турган болсо, Стамбулга барууга даяр экенин билдирген.
Украина менен Россия делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 16-майга белгиленген.
