Мединский: Россия делегациясы украин делегациясын саат 10го күтөт

Мединский: Россия делегациясы украин делегациясын саат 10го күтөт

Россиянын  президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргендей, 16-май, жума күнү, Россия делегациясы украин тарапты эртең мененки саат 10дон баштап күтөт.
Россия тараптан сүйлөшүү тобун президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Ал эми Украина тарапты коргоо министри Рустем Умеров баштайт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, украин тарап Стамбулда ок атууну токтотуу маселесин талкуулоону көздөп жатат. Владимир Мединскийдин айтымында, Россиянын сүйлөшүүчүлөрү «мүмкүн болгон мунаса варианттарын» талкуулоого даяр.