Журналист Болот Темировдун үстүнөн сотко кайрылды

Журналист Болот Темировдун үстүнөн сотко кайрылды

Хабибулла Абдукадыр  журналист Болот Темиров менен Kloop басылмасын сотко бергени маалым болду.

Эми соттук териштирүүлөр Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралат.

Белгилүү болгондой, былтыр “Клооп” менен журналист Болот Темировдун  “Мадина” базары жөнүндө иликтөөсү жарыяланып, анда экс-депутат Турсунтай Салимов ээлик кылган “Мадина” базары Хабибулла Абдукадырга өтүп кеткени айтылган.

Хабибула Абдукадыр иликтөөдөгү  маалыматтарды төгүндөп, соттук чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып сотко даттанган.