Аптанасаат: Төөнүн суктугу

Аптанасаат: Төөнүн суктугу

Төө чөл тикенин жакшы көрөт. Аны чайнаган сайын оозу канайт бирок, жылуу кандын даамынан лаззат алат. Бул даам тикенден келүүдө деп ойлойт. Тикенди канчалык көп жеген сайын алсырай баштайт, акыры кан жоготуудан өлөт.

Муну араптар Ихтирас дешет. Кыргызча мааниси, өз канында чөгүп өлүү.