14-июнда Вашингтондо өтө турган АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган аскердик парад болжол менен 25-45 миллион долларга түшөт. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы армиянын өкүлүнө шилтеме берип билдирди.
Парадга ондогон аскердик учактар, жүздөгөн армиялык унаалар жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңдеген аскерлер катышат. Алар шаардын борборундагы өкмөттүк имараттарда түнөшөт.
Аскердик жүрүш АКШ президенти Дональд Трамп 79 жашка толгон күнү өтөт. Армиянын өкүлү Стив Уоррендин айтымында, парадга учурдагы бардык армиялык бөлүктөрдүн өкүлдөрү катышат.
Анын маалыматына караганда, иш-чарага 150 унаа, 50 учак жана 6,6 миң аскер тартылат. Ошондой эле салют болуп, Улуттук аллеяда бир күндүк фестиваль уюштурулат. Анда аскердик көргөзмөлөр, музыкалык концерттер жана мелдештери болот.
WP басылмасы билдиргендей, параддын Трамптын туулган күнү менен дал келиши кээ бир жарандарды жана ардагерлерди нааразы кылды.
