Абу-Дабиде Трампты кыздар «чач бийи» менен тосуп алышты

Абу-Дабиде Трампты кыздар «чач бийи» менен тосуп алышты

АКШнын президенти Дональд Трамп расмий сапар менен Абу-Дабиге келген учурда салттуу «чач бийи» менен тосуп алынды. Бул тууралуу кадрларды АКШ президентинин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Марго Мартин X социалдык тармагындагы аккаунтунда жарыялады.
Халиджи бийи Перс булуңундагы өлкөлөрдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында кеңири таралган. Анын арабча аты «булуң» дегенди билдирет. Бул бийди аялдар майрамдарда жана тосуп алуу салтанаттарында аткарышат.
Азыркы тапта Трамп Перс булуңундагы өлкөлөрдү кыдырып жүрөт.