Трамп Стамбулга келүүгө даяр экенин билдирди

Трамп Стамбулга келүүгө даяр экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп 16-майда Стамбулга учуп келип, зарыл болсо Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин билдирди. Президент кагылышууну тынчтык жолу менен чечүү сунушталган ар кандай механизмге ачык экенин АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Марко Рубио айтты.
«Билесиздерби, эгер бир нерсе болсо, мен жума күнү барам»,-деди Дональд Трамп Катардагы журналисттер менен маек учурунда. Бул билдирүү орус делегациясы Стамбулга сүйлөшүүлөргө президент Владимир Путинсиз келгендиги тууралуу айтылган пикирге жооп катары айтылды.