Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы кармалды. Себеби

Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы кармалды. Себеби

Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, ал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында иштеген товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөнү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурган.

Алсак, тоскоолдуксуз импортту колдоо үчүн С.К.А. ЖЧКлардын биринин жооптуу адамдарынан 20 миң доллар жана 1 млн сомго жакын акча каражаттарын алган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.