Мигрант балдардын 81 пайызы сынактан өтпөй калды

Мигрант балдардын 81 пайызы сынактан өтпөй калды

Роспотребнадзор 13-майда  бийлик мигранттардын балдары үчүн орус тили боюнча тест тапшырууга берилген арыздардын көпчүлүгүн кабыл алуудан баш тартканын билдирди.
Жалпысынан, апрель айынан бери тест тапшырууга 1762 арыз түшкөн. Бийлик арыздардын 81 пайызын кабыл алган эмес. Арыздар толук документтер топтому жоктугуна, мектептерде бош орундардын жоктугуна же берилген документтердеги жалган маалыматтарга байланыштуу четке кагылган. Жалпысынан 335 киши тест тапшырууга уруксат алган. Азырынча 44 киши тестке катышып, алардын 27си тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, калгандары өтпөй калган. Тестирлөөлөр Россиянын 10 аймагында өткөн.
1-апрелден тарта орус мектептеринде орус тили боюнча билим деңгээлин аныктоо үчүн тестирлөө башталган. Толугу менен экзамен видео жазууга алынат. Ал эми баланын оозеки жооптору аудиого жазылат.
Мектепке кабыл алуу үчүн балдар тесттен 90 пайыз жыйынтык алышы керек.