Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани CNN телеканалына берген маегинде, Boeing 747-8 учагын АКШнын президенти Дональд Трампка “белекке берүү” эмес, расмий деңгээлдеги макулдашуу жөнүндө сөз болуп жатканын билдирди.
«Бул жөн гана өкмөттөр аралык жөнөкөй макулдашуу. Катар жана АКШнын коргоо министрликтери биздин учактардын бирин Air Force One (биринчи борт) катары берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул маселе учурда юридикалык экспертизанын баскычында»,-деди мырза Аль Тани.
Премьер-министр эгерде бул сунуш мыйзамсыз деп табылса, анда учакты берүү сунушу артка чакырылып алынарын белгиледи.
АКШ администрациясы 400 миллион долларлык учакты алууга даярданып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, бул белекти Трамп кызматын өткөрүп бергенге чейин өз учагы катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Андан кийин учак президенттик китепкана фондуна өткөрүлүп берилет.
