Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт

Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт

17-майда  саат 10:00дөн 15:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда (Ала-Тоо кинотеатрынын жанында) Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чараны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурат.
Жарманкеде дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, улуттук даамдар жана суусундуктар тартууланат. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулук максаттарга жумшалат.