Түркияда НАТОнун тышкы иштер министрлери жолугушууда

Түркияда НАТОнун тышкы иштер министрлери жолугушууда

Бүгүн, 14-майда Түркиянын Анталия шаарында НАТОго мүчө 32 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жолугушуусу башталууда.
Иш-чара 24-25-июнда Гаагада өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине даярдык көрүүнүн алкагында өтүп жатат.
Жыйынга НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана башка жогорку даражалуу өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.