Камактагы ишкер, “KG Групп” курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектелген Казакстандын Тараз шаарынын 31 жаштагы тургуну Бекмурат Шумекбай кармалды.
Ал Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун каржылык тапшырмаларын аткарып жүргөн жана бийликти басып алууга жардамдашкан деп шек саналууда .
Казак жаранынын ишин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жатат. Ага Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”), 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү”), 41-берене (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”) жана 209-беренеси (“Алдамчылык”) коюлуда.