Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө кимдер катышат? Делегациянын курамы айтылды

Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө кимдер катышат? Делегациянын курамы айтылды

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 15-майда Стамбулда Украина өкүлдөрү менен өтө турган сүйлөшүүлөргө катышат. 
The Washington Post гезитинин маалыматына ылайык, АКШ тараптан Стамбулга мамлекеттик катчы Марко Рубио менен кошо президенттин атайын өкүлдөрү Кит Келлог жана Стив Уиткофф да келишет.
Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясынын курамын ачыктоодон баш тартты. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө катыша тургандардын тизмеси президент Владимир Путинден тиешелүү көрсөтмө болгондо гана жарыяланат.