Парижде кыргыз-казак айтышы өтөт

Парижде кыргыз-казак айтышы өтөт

17-майда Парижде кыргыз-казак айтышы өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, мындай эл аралык айтыш Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлөт. Иш-чара Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен биргеликте уюштурулууда.

“Кыргыз-казак айтышын эл өкүлү Шайырбек Ташиев экөөбүз элчи Садык Шер-Нияз менен биргеликте уюштуруп, маданиятыбызга алгылыктуу эмгек жаратып келсекпи деп жатабыз. Бул дагы келечек үчүн өтө чоң тарыхый иш болот. Кыргыз сөзү, кыргыз тили дүйнөдө ырдалып, дүйнөдө кыргыздын комузу чертилип, кыргыз акындары ырдап, элдин биримдигин, ынтымагын, кыргыз-казак элинин достугу айтылып турса, жакшы болот деген ойдомун”, – деди Мирлан Самыйкожо.