Марлен Маматалиев: «Айлык көтөрүлгөнү менен баалар өсүп жатат»

Марлен Маматалиев: «Айлык көтөрүлгөнү менен баалар өсүп жатат»

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев айлык, пенсия көтөрүлүп жатканы менен баалар өсүп жатканын  айтты.

«Учурда пенсия, айлык көтөрүлүп жатат. Баары жакшы. Бирок артынан кымбатчылык болуп жатат. Монополияга каршы комитет креслого отура беришпей, сыртта иштеш керек. Чүйдө нефтебазада дизель 60 сом турат. Май куюучу жайларда 73 сом деп турат. Цемент кымбаттады деп туруп, башка нерселер да кымбаттап жатат. Кафе-ресторандарды карап көргүлө. Булар тейлөөнү 15 пайызга көтөрүп алышты. Бул да кымбатчылыкка алып келет»,— деди депутат.