Зеленский Путин менен талкуулай турган темаларды атады

Зеленский Путин менен талкуулай турган темаларды атады

 Украинанын Президенти Владимир Зеленский Стамбулда болжолдонгон  жолугушууда Россия лидери Владимир Путин менен толук ок атышууну токтотуу жана бардык туткундарды бошотуу маселелерин талкуулоону көздөп жатканын билдирди.

«Эгерде мен Путин менен жолуксам, бул жолугушуу саясий жеңиш менен аякташы керек. Ок атышууну токтотуу же “бардыгын бардыгына” принциби боюнча туткундарды алмашуу. Эгерде ал келбесе, анда ал саясий жеңишти каалабайт»,-деп айтты ал европалык медиаларга берген маегинде.

«Биз дароо эле бардык маселелер боюнча келишип кете албайбыз. Бул мүмкүн эмес. Биздин жашоого болгон көз караштарыбыз ар башка. Дүйнө таанымыбыз башкача. Бирок кандай болбосун, согушту токтотуу үчүн бир форматты табышыбыз керек. Албетте, биз макулдашышыбыз керек болгон маселелер бар, ал эми техникалык чоо-жайын башка форматта талкуулай алабыз»,-деди Зеленский.

Россия Президенти Владимир Путин буга чейин Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрүн 15-майда Стамбулда өткөрүүнү сунуштаган. Владимир Зеленский болсо Путин менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан.