Британиялык тургун соттук катачылыктын айынан  38 жыл түрмөдө отурду

Британиялык тургун соттук катачылыктын айынан  38 жыл түрмөдө отурду

Улуу Британиянын Апелляциялык соту киши өлтүрүү боюнча айыпталган адамдын күнөөсүн алып салды. Бул адам катачылыктын айынан 38 жыл түрмөдө отурган. Бул окуя өлкө тарыхындагы эң узакка созулган соттук катачылык болуп эсептелди.
Питер Салливан азыр 68 жашта. Ал 1987-жылы Англиянын түндүк-батыш бөлүгүндө жаш кызды өлтүрдү деген негизде айыпталып, камалган. Гезиттин маалыматына ылайык, Салливан дайыма өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келген. Анын адвокаттары өкүмдү жокко чыгарууга эки жолу аракет кылышкан, бирок ийгиликке жетишкен эмес.
Кылмыш иштерин кайра кароо боюнча комиссиянын тапшырмасы менен жүргүзүлгөн иште кылмыш болгон жерден алынган үлгүлөрдө Салливанга тиешелүү ДНК жок экенин көрсөткөн. Андагы издер башка белгисиз бир адамга тиешелүү болуп чыккан.
Эми Салливан түрмөдөн бошотулат.