9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестациадан өтүшөт

9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестациадан өтүшөт

КР Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын мөөнөтүн жарыялады.

2024–2025-окуу жылында, Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;

— Эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;

— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

— Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;

— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;

— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган  класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.

— Дене тарбия боюнча зачет:

2025-жылдын 15-майынан 24-майына чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Дене тарбия” сабагынан сабактан тышкаркы убакта зачет өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик экзамендерден тышкары студенттер бир эле тандоо экзаменин тапшырышкан. Бирок Билим берүү министрлиги түшүндүргөндөй, былтыр ал жокко чыгарылган. Ошентип, быйылкы окуу жылында бүтүрүүчүлөр үчүн талаптар өзгөрдү – азыр алар милдеттүү мамлекеттик экзамендерди гана тапшырышат.