Республикалык диагностикалык борбордун көйгөйү чечилди

Республикалык диагностикалык борбордун көйгөйү чечилди

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди урушкандан кийин Республикалык диагностикалык борбордун көйгөйү чечилди.

Жаңы талапка ылайык, жандандыруу бөлүмүнө кошумча УЗИ аппараты орнотулуп, стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө көчүрүлдү.

 “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” компаниясы дары-дармектер жана керектүү материалдар менен камсыз кылды.

Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

Ошондой эле министрлик берген маалыматта, бир жума ичинде институттун негизги имаратында оңдоо иштери башталат.

Эскерте кетсек, май айынын башынан бери  Global Cardiac Alliance уюмунун адистери менен биргеликте 70 балага операция жасалаары күтүлүп жатат. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр экени маалымдалса, 7 балага операция жасалды.

Өткөн жумада президент аталган борборго күтүүсүз барып, медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттардын жок экендигине күбө болгон.  Мындан улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди урушуп, сөгүш берген.