Ок-дарыларды жок кылуу учурунда катуу жарылуудан 13 киши каза тапты

Ок-дарыларды жок кылуу учурунда катуу жарылуудан 13 киши каза тапты

Индонезиянын Батыш Жава провинциясында эски ок-дарыларды жок кылуу учурунда катуу жарылуу болду. Анын кесепетинен 13 адам, анын ичинде төрт аскер кызматкери каза болду.
Окуя Гарут округундагы Сагара айылында, экологиялык жактан корголгон аймакта болгон. Ал жерде армия бөлүктөрү кампалардын биринде сакталган эски ок-дарыларды жок кылуу менен алектенип жатышкан. Индонезия армиясынын расмий өкүлү Кристомей Сиантуринин айтымында, биринчи жарылуудан кийин дагы бир жарылуу болгон.
Окуянын себептери азырынча тактала элек. Аскерлер ок-дарыларды жок кылууда коопсуздук эрежелери сакталган-сакталбаганын текшерип жатышат.
«Жок кылуу иштери Батыш Жаванын Жаратылыш ресурстарын коргоо агенттигинин көзөмөлүндөгү бош аймакта жүргүзүлгөн. Бул жашоо-тиричиликтен алыс жайгашкан, эл жашабаган аймак болуп эсептелет жана мындай иштерди жүргүзүүгө көп колдонулат»,-деди Сиантури.
Анын айтымында, мындай операциялар жергиликтүү тургундардын кызыгуусун жаратат. Алар металл сыныктарын, граната жана мина жарылууларынан калган бөлүктөрдү чогултуу үчүн келишет.